super.kg logo

"Заманбап япон дизайны" көргөзмөсүнө кылдаттык, жогорку чеберчилик менен жасалган буюмдар коюлду (фоторепортаж)

 
Суу өткөрбөй турган жоолук. Ичине 10 литр сууну куюп көтөрүп алса болот.
Чоюн чайнек
2011-жылы 3D моделдөө менен тигилген кийимдер
Субару 360 автоунаасы
Уюштуруучулар
1981-жылы жасалган плеер
Чиркей туткундоочу идиш

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Заманбап япон дизайны" аттуу көргөзмө ачылды. Анын ачылышына Япониянын Кыргыздагы элчилигинин, министрликтердин өкүлдөрү, чет өлкөлүк туристтер жана шаар тургундары катышып, жогорку технологиялар менен жасалган экспонаттарга күбө болушту.

Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин өкүлү Нурсулуу Табылдиева: "Бул иш-чарага келген коноктор Япониянын согуштан кийинки учурда күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдары жана жашоо стили менен тааныша алат. Анда коюлган буюмдардын көбү 2002-жылдан баштап дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлуп келе жатат", - деп билдирди.

Көргөзмөгө коюлган буюмдардын кылдаттык, жогорку чеберчилик менен жасалганы коноктордун көңүлүн бурду.

Окулуп бүткөн гезиттен жасалган баштык. Өндүрүүчүлөр муну менен коомчулукту жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөйт. Ал эми сатыктан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Симанто дарыясынын тегерегин жакшыртуу иштерине жумшалат.

2013-жылы иштелип чыккан үйдө колдонулуучу оптикалык планетарий. Болжол менен 60 миңге чукул жылдызды кадимки бөлмөнүн шыбынан же дубалында туруп көрсөтө алат.

2013-жылы жасалган дүйнөдөгү эң алгачкы роботтоштурулган костюм. Жаракат алган же башка оорулуу адамдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.

Кагаздан жасалган идиштер. Сапаттуу жасалгандыктан жууп кайра колдонууга болот.

2011-жылы Япониянын чыгышында болгон жер титирөөдөн кийин ушул отургучтар ойлонуп табылган.

Айта кетсек, көргөзмө 23-июлга чейин уланат.






Бишкекте япондордун заманбап технологиялары көргөзмөгө коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.06.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан биз ушулардын денгеелине жетебиз? Жок дегенде буйруса неберелерим ушулардын денгеелинен жогору жашашса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: