super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: 7 жыл мурун түштүк кореялык актёр, ырчы Пак Ён Ха каза болгон

 

7 жыл мурун түштүк кореялык актёр, ырчы Пак Ён Ха каза болгон. Аны өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Актёр 32 жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Ал эми Пак Ён Ха тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган.

Анын жүзү көрүүчүлөргө “Кыш сонатасы” сериалындагы Санхёктун ролунан улам таанымал болгон. Ал эми Азия өлкөлөрүндө ал актёр гана эмес, мыкты ырчы катары белгилүү, өзгөчө Японияда абдан абройлуу болгон. Ал “Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”), “Кыш сонатасы” сериалдарындагы саундтректерди жазган.
Пак Ён Ха 1977-жылы 12-августта туулуп, Чунан университетинин театр факультетин бүтүргөн. 1995-жылы “Сүйүү класстан башталат” фильмине алгачкы жолу тартылып, актёрлук кесиптин даамын таткан. Бул тасманы улай “Үмүттүн ыры”, “Кайра-кайра карап”, “Кар бүртүгү”, “Сүйүүдөн да улуу” сериалдарында роль аткарып, белгилүү болгон.
Актёрго атак алып келген “Кыш сонатасы” сериалы 2002-жылы тартылып, түштүк кореялыктарга көрсөтүлгөн. Андан ары сериал бүткүл Азия өлкөлөрүнө сатылып, актёр Японияга барып ырчылык дареметин сынап көрүүнү чечет. Ал жактан 2008-жылы “Абада” жана 2009-жылы “Бир адамдын тарыхы” деген хит кинолорго тартылып, ал өлкөдө атактуулугу өсөт. Негизинен аны эл Япония менен Түштүк Кореянын достугун бекемдеген инсан катары баалашкан.
“Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”) сериалындагы “Бир гана кечээки күн үчүн” ырын дал ушул Пак аткарган. Ырчылык карьерасында Японияда бир нече альбом чыгарып, Корея менен күн чыгыш өлкөсүндө аншлаг менен концерт бергенге жетишкен. 2008-жылы “Абада” сериалынын саундтреги болгон “Сүйүү үчүн” ыры япон чартында 3-орундан ылдый түшпөй, ал эми 2008-жылы чыккан “Сүйүү” деп аталган ыр жыйнагы эң мыкты альбом болуп табылган.

30-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.06.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Авариядан каза болгон деп уктум эле
Оз жанын кыйган турбайбы окунучтуу эмне себеп болгон экен(((
Кыш сонатасы сериалын азыркыга чеин кайталап кором ушунчалык башкача сезим калтырган сериал
30.06.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай таланттуу мырза.Ырларын тажабай угам.Аттиң ай бир кем дүйнө (
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: