super.kg logo

"Эмарк" курулуш компаниялар тобу 10 жылдык мааракесин шаңдуу белгиледи

 

Кечээ, 29-июнда “Эмарк" курулуш компаниялар тобу 10 жылдык мааракесин Бишкектеги өздөрү долбоорун чийген “Ала-Тоо” ресторанында шаңдуу белгиледи. Майрамдык салтанатка компаниянын кызматкерлери, курулушчулары, кесиптештери жана кыргыз шоу-дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар Гүлзада Рыскулова, Гүлжигит Калыков, Нэна, Юлия Руцкая, Анжелика Бекболиева, өзбек ырчысы Карим Мирзахмедов жана башкалар болуп, жалпы 500дөй адам катышты. Салтанатты "Береке" бий тобунун чимириле бийлеген кыздары баштап беришти.

Алгач компаниянын 10 жылда жетишкен ийгиликтери, борбор калаадагы престиждүү делген “Ала-Тоо”, “Кайнар”, “Барашек”, “Тюбетейка”, “Фрунзе” жана башка эс алуу жайларынын долбоорун иштеп чыкканы тууралуу кыскача слайд көрсөтүлдү.

Кеченин башталышында сөз сүйлөгөн "Эмарк" курулуш компаниялар тобунун директору Чолпонбек Курманбекович Акматов бул жылдар аралыгында ийгиликке жетишүү, элдик алкоосуна арзуу оӊой болбогонун, команданын, андагы кызматкерлердин күчү, билими менен жогору даражага жеткенин белгилеп өттү.

Курулуш компаниялар тобунун директору Чолпонбек Курманбекович Акматов

"Компания түзүлгөндөн тарта бир топ жолду басып өттүк. Бишкектеги белгилүү ресторандар жана калк жашоочу үйлөр курулду. Буюрса, келечекте өзүнчө кичи районду элестеткен долбоор даярдалып жатат. Анда калктын жашоосу үчүн керектүү болгон мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары, оорукана курулат", - деп билдирди Чолпонбек Акматов.

Ал эми "Эмарк долбоордук компаниянын" директору Жылдыз Сафаева буларга токтолду:

"Бардык курулуш долбоорлоодон башталат. Биз алгач долбоор түзүп, анын баарын ишке ашырабыз. Албетте, мунун үстүндө жогорку билимге, тажрыйбага ээ кызматкерлер, жумушчулар иш алып барышат.

Бул тармакта ар бир адам лидер болушу мүмкүн. Бирок көп нерсе ошол компаниянын кызматкерлеринен, жумушчуларынан, офис менеджеринин иштөө сапатынан көз каранды. Себеби бир адам өзү жалгыз эч нерсе жасай албайт. Ал эми компаниядагы адамдардын мыкты деңгээлде иш алып баруусунан жумуштун сапаты жакшырат”.

Кечеде чакырылган коноктор компаниянын дагы да бийиктеп, ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экенин билдирип, каалоо-тилектерин айтып жатышты. Ырчылар жана “Манас” президенттик ансамбли конокторго жагымдуу маанай тартуулап, кечеге майрамдык шаӊ кошушту.

Кеченин коноктору


кошулду





"Эмарк строй" компаниясынын гимни ырчылардын аткаруусунда

"Эмарк строй" компаниясы 10 жылдыгын белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
30.06.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы компания уйлору жакшы.
01.07.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаарында да уйлору тушконбу тушсо кайсы райондо
03.07.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!!Ийгилик каалайм.Уйлору жагат!!!Проекттери кызыктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: