super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ырчы Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков үйүнө келип, уктаган боюнча каза болуп калганы айтылды. Окуя кандай болгону азырынча белгисиз

 

Ырчы Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков менен кошо ууланды делген дагы бир бала ооруканада дарыланууда. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

"Тоого чыгып белгисиз себептерден ууланган балдардын бири райондук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал 30-июнь күнү түшкү саат 4 чамасында алып келинген. Учурда канынан анализдер алынып, текшерилүүдө. Азырынча эмнеден ууланды, окуя кандай болгону белгисиз. Ал эми Канат Наматбеков үйүнө келгенден кийин уктаган боюнча каза болуп калыптыр", - деп билдирди Дүйшөналиева.

Ал эми райондук оорукананын башкы дарыгери да бейтапканага түшкөн адам ууланганын айтты.

Эске салсак, буга чейин Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков каза болгону айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
01.07.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Йа Аллах эмнелер эле болуп жатат
01.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллахтан келет экенбиз жана Аллахка кайтат экенбиз. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге, Сабыр кылуучулар жаннатта деп айтылган ыйык Куранда. Аллахым жакшы коргон пенделерин эрте алып кетет тура. Ата энесине сабыр тилейбиз.
01.07.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жайын жаннатан берсин ото жакшы жигит эле комузда кол ойноткону коз алдымдан кетпейт Токо байке сабыр сабыр сабыр кылыныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: