Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча курултай өтүп жатат. Ага Өмүркулов, Шыкмаматов, Кулов да катышууда
Бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча курултай өтүп жатат. Иш-чарага өлкө аймактарынан келген делегаттар, фракция мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана башкалар катышууда. Курултайга парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Иса Өмүркулов (КСДП), Канат Исаев ("Кыргызстан"), саясатчы Феликс Кулов, мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, акыйкатчы Кубат Оторбаев да келди. Бул курултайда быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого фракция лидери Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















