super.kg logo

Бразилияда президенттин реформаларына каршы митингдер баш аламандык менен коштолууда

 

Бразилиянын Рио-де-Жанейро жана Сан-Паулу шаарларында профсоюздук уюмдар тарабынан уюштурулган нааразычылык акцияларында баш аламандыктар күч алды. Абалды жөнгө салуу үчүн полиция желим ок менен көздөн жаш чыгаруучу газ пайдаланууга аргасыз болууда. Митингге чыккандар эки шаардагы бир канча көчөлөрдү жаап алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, нааразычылык акциянын катышуучулары президент Мишел Темер сунуштаган реформаларга каршы чыкканын айтышууда. Өлкө башчысынын эмгек жана пенсиялык реформасы чоң нааразычылык жаратып, элдин көчөгө чыгышына себеп болду. Азырынча президент сунуштаган мыйзам Федералдык сенаттын парламенттик жогорку палатасында каралып жатат. Жаңы түзөтүүлөргө ылайык, Бразилияда пенсиялык курак узартылып, жумушчулар үчүн бир топ төлөмдөр кыскартылышы мүмкүн.

"Бул менен катар эле Бразилияда саясий каатчылык татаалдашууда. Бир канча күн мурун Бразилиянын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн башкы прокурору Жогорку Соттон президент Темерге айыбын угузууну сураган. Мишел Темер жеке ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө", - деп жазышат басылмалар.

Эске салсак, Бразилиянын президенти 7-8-июль күндөрү Германияда өтө турган “чоң жыйырмалыктын” саммитине бара турган сапарын токтоткон. Дүйнөлүк коомчулук Мишел Темердин бул кадамын башкы прокурордун айыптоосуна байланыштырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: