super.kg logo

“Айрис” сериалындагы киллер күйөрмандарынан жүгүнүп кечирим сурады

 

Түштүк Кореянын “Айрис” (“Iris”) сериалындагы каардуу киллердин образын жаратуу менен көрөрмандардын эсинде калган Чхве Сын Хён ага карата башталган соттук отурумга келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. 29-июнда Сеул борбордук сотунда актёр 2016-жылдын октябрь айында марихуана колдонгон деген айыптоого байланыштуу иш каралды. Соттук отурум башталардан мурун ал журналисттерге: “Чечим кандай чыкпасын, мен бардык жазаны кабыл алам”, - деди. Процесс учурунда Чхве Сын Хён ага карата коюлган бардык айыптар боюнча күнөөсүн моюнуна алды. Актангысы да келбеген атактуу: “Мен жылдар бою депрессиядан дарыланып жүргөм. Бардыгы бир аптанын ичинде эле болуп кетти. Азыр өкүнүп жатам”, - деп билдирди. Ал эми күйөрмандарына болгон кайрылуусунда “мен ар бириңерден кечирим сурай албаганым үчүн жаман болуп турам, ушунчалык уялганымдан баш көтөрө албай калдым” деп жазган.

Прокурорлор актёрду шарттуу түрдө 2 жылга соттоону талап кылышты. Чечимди сот ушул жылдын 20-июль күнү чыгара турганын жарыялады.

Маалымат үчүн:
Чхве Сын Хён Түштүк Кореядагы “Bigbang” тобунун рэпери катары да таанымал, сахнада T.O.P деген ысым алып жүрөт.






T.O.P сотто марихуана чеккенин мойнуна алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: