Чолпон-Ата шаарында жеңил унаа менен кичи автобус сүзүштү



Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жеңил унаа менен кичи автобус сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чолпон-Ата шаарында Мерседес үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы орун алган. Кырсыктан оор жаракат алып, бейтапканага кайрылгандар болгон эмес. Эки унаа жараксыз абалга келген. Милиция кызматкерлери окуяны териштирип жатышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Аталган факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы чакырылбаганын ӨКМнын басма сөз кызматынан Элмира Шерипова билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.