super.kg logo
  Спорт  

Эл аралык йога күнүнө карата жүздөгөн шаар тургундарын бир аянтка чогулткан кызыктуу иш-чарадан көз ирмемдер (фото)

 

Бишкекте бүгүн, 1-июлда жүздөгөн шаар тургундарынын катышуусунда Эл аралык йога күнү белгиленди. Ага Индиянын жана Кыргыз мамлекетинин йога боюнча машыктыруучулары келип, 200гө жакын адамдар менен чогуу көнүгүүлөрдү жасашты.

Майрамдык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаевага жана шоумен Бакыт Байсариевге Индиянын элчилиги тарабынан "Йоганын элчиси" наамы ыйгарылды. Ошондой эле конокторго музыкалык чыгармалар, бий номерлери көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн: Йога - Индиянын байыркы тилинен (санскрит) которгондо "көнүгүү", "биригүү", "гармония" дегенди түшүндүрөт. Ал индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири. Йога менен машыгуу бардык жаш курактагылардын колунан келет. Спортчулар йога аркылуу чыдамдуу, күчтүү жана өзүн токтоо кармоого жетише алат. Өзгөчө мелдештерден кийин денени калыбына келтирүүдө көнүгүүлөрү пайдалуу. Суучулдар йога менен машыгып, демди ичте узак убакытка кармоого жетишишет.

Йоганын көнүгүүлөрүн жасоо булчуңдарды чыңалтат, нерв системдеринин иштөөсүн жакшыртат, иммунитетти чыңдайт, стресстен арылтат. Ошондой эле өзүнө ишенимди пайда кылат, күчтү туура багыттоого үйрөтөт.






Бишкектеги йога күнү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.07.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гыйратыпсынар
02.07.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кашкалдактар йогача бийлеп калат экен да ээ)))
02.07.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ар тараптан онугуп атабыз,туура,бекер жатканча хотя бы йога менен алектенсе,пайдалуу жактары коп экен дейт.
02.07.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
нервтен кеткендер йога менен занематся етпесе.. норма. адамдар бул нерсе менен алектенбейтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: