super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянованын соту: Экс-министр Жылдыз Мамбеталиева көрсөтмө берип жатат

 

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 14:00гө жылдырылган эле. Анда Елисеевдин аудиокайрылуусу уктурулуп жана башка калган күбөлөр суралмак болгон.

Учурда Аида Салянованын соту башталды. Сот залында мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Салянованын суроолоруна жооп берүүдө.

Салянова Мамбеталиевага: "Сиз Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгонун айтып жатасыз. Бирок сиз азыр "Саляновага бул саясий чечим экенин эскерткем" дедиңиз. Эч кандай саясий чечим экенин мага айткан эмессиз", - деди. Андан ары депутат "муну каралоо деп баалайм" деген оюн билдирди.

Прокурор Мамбеталиевага: "Сиз өзүңүз министр болуп ушундай абал жаралса, кандай чечим кабыл алмак элеңиз?" деген суроо салды. Мамбеталиева: "мыйзам чегинде чечим кабыл алмакмын" деп жооп кылды.

Салянованын жактоочулары толук жооп берүүнү талап кылганы менен, ал жооп берүүдөн баш тартты.
Анын мындай аракетине Салянова "калп айтып келген кишини эмнеге коргоп жатасыңар, жооп берсин" деп айтты. Мамбеталиева сотко кайрылып, "коркутууларды токтотуусун айтыңыз" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: