super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кыргыз жана орус тили мугалимдерине электрондук китептер тапшырылды

 

Бүгүн, 17-майда Кыргыз-Орус Славян университетинин чоң залында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана Орусиянын Кыргызстандагы  элчиси Андрей Крутько шаардык мектептердин кыргыз жана орус тили мугалимдерине 5 даанадан электрондук китептерди тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Өз сөзүндө шаар мэри балдардын билимдүү болушу үчүн бардык аракеттер жумшалып жаткандыгын белгиледи.  “Балдар негизги билимди мектептен алышат жана алган билимдери келечектеринин пайдубалын түзөт. Аларды окутуу процессинде мугалим менен китептин орду өтө маанилүү”,- деди ал. Белгилей кетсек, мугалимдерге Кыргызстан элдеринин фольклорунун сөздүгү, кыргыз адабиятынын хрестоматиясы, орус адабияты жана кыргыз тилиндеги соңку жаңы орус адабияты китептери тапшырылды. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: