Аида Салянованын соттук ишине башка күбөлөр келбей калгандыктан сот 7-июлга жылдырылды
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук ишине күбө катары Бишкек шаардык кеңештин эл өкүлү Артём Иванов чакырылды. Ал берилген суроолорго жооп берип, Елисеевдин атынан Юстиция министрлигине анын жактоочулук лицензиясын жаңыртуу боюнча кайрылганын жана аны алып, Елисеевге жибергенин айтты.
Иванов министрлик Елисеевдин арызын кабыл алуу учурунда анын издөөдө жүргөнүн жана иш козголгону боюнча сурабаганын айтты. Ошондой эле Елисеев 3 ирет лицензиясын жаӊылаганын жана эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун белгиледи.
Анын көрсөтмөсүнөн соң соттук отурум 7-июлга жылдырылды. Сот буга дагы башка күбөлөрдүн келбей калышы себеп болгонун айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

