КҮНСЕРЕП: Келдибеков сотторду шыбады
Бүгүн, 3-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
1-июль күнү элдик курултай деген аталышка жамынган Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү иш-чарасы болуп өттү. Бабановдун командасы мындай тактиканы бекеринен тандабаптыр, себеби ызы-чуусу кийин ачыкка чыкты. Бирок сөздү оболу курултайдын жакшы жагынан баштасак.
Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, экс-премьер Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү салтанаты ар кыл саясатчыларды чогултуу менен талкуу жаратты. Кыргыз саясатынын аксакалдары Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, парламенттин өткөн чакырылышынын депутаттары Каныбек Осмоналиев, Курманбек Осмонов, Феликс Кулов, азыркы чакырылыштагы “ата мекенчи” депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар, баш-аягы 700дөй киши курултайга келишти. Баарынан кызыктуусу – Бабановдун оң жагынан Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, ал эми сол жагынан “Кыргызстан” фракциясынын экс-лидери болуп турган Канат Исаев орун алды. Эске салсак, аталган 2 фракция тең коалициянын курамында, ал эми “Республика-Ата Журт” азчылыкта. Саясатта, айрыкча ушундай иш-чараларда уюштуруучулар майда-чүйдөдөн өйдө пландашат, анын катарында курултай ээсинин да жанында ким отурары чоң маанини туюнтат. Адатта үй-бүлө мүчөлөрү же жакын санаалаштары орун алган жагдайда Бабанов Өмүркуловду “оң колум”, ал эми Исаевди “сол колум” деп көрсөткөнгө тете болду. Бирок буга чейин Иса мырза SUPER.KG порталынын түз эфирине келгенде “президенттик шайлоодо Бабановду колдоп чыгат экен” деген кептерге “КСДП чапкан жолдон чыгууну ойлоно элекмин” деп жооп берген болчу. “Саясатта достор болбойт, кызыкчылыктар гана болот” демекчи, Канат мырза боюнча Бабанов 2013-жылы “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде “Исаев “Республикадан” чыгарылган. Жаш бала өз саясий тагдырына балта чаап алды” деген эле. Бабанов өкмөт башчылыктан кеткен соң Исаев алдынкылардын катарында анын командасынан чыккан болчу.
Кызуу талкууга жем таштаган дагы бир окуя – дымактуу убада берилди. Президенттикке аттанып жаткан талапкер "6 жылдын ичинде Кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү эң мыкты өнүгүп жаткан 10 мамлекеттин катарына кошобуз" деди. Интернетте бул убада шакабага алган комментарийлерди да, ошол эле учурда “эмнеге болбосун?” деген пикирлерди да жаратты. Мындан 6 жыл мурун 2011-жылы Бабанов өкмөттө биринчи вице-премьер болуп турганда “Супер-Инфонун” түз эфирине чакырылып, мына ошондо “максатым – Кыргызды алдынкы 5 өлкөнүн катарына жеткирүү” деп айткан эле. Бир кезде “айттымбы, аткарам” деген сөзү менен эл оозуна алынган Бабановго убадасын иш жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берилер бекен?
Эми ызы-чууга токтолсок. “Республика-Ата Журт” партиясынын же фракциясынын, өзү түптөгөн “Республиканын” атынан эмес, Бабанов эмне үчүн өзүн өзү көрсөтүү аркылуу шайлоого катышканы жатат? “Эгерде эл мени колдосо, анда партиянын эмес, бүт элдин президенти болгум келет” деди ал. Буга чейин Өмүрбек Текебаев да “Ата Мекен” партиясы тарабынан эмес, улуттук масштабдагы лидер катары өзүн өзү президенттикке көрсөтүү аркылуу шайлоого катышарын билдирген эле. Атаандаштардын тандаган жолдору окшош чыгып, атүгүл Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп турган Үсөн Сыдыков Бабановго “Өмүрбек Чиркешович” деп жаңылып кайрылып, курултайда отургандарды жылмайтты. “Республика-Ата Журттун” тең төрагасы Камчыбек Ташиев да акыркы күндөрү талапкерлердин курултайынан калбаган “Ата Журттун” лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков да курултайга катышкан жок. Анда фракциядан парламентте депутат болуп отурган, V чакырылыштагы “ата журтчу” Талант Мамытов партиянын саясий кеңешинде Бабановдун талапкерлиги колдоого алынганын айтты. Ал эми бул билдирүүнү Ташиев төгүнгө чыгарып, андан тышкары сотко берерин да жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди. Кеп төркүнү дал ушул жакта жатканынан улам да 1 эмес, 2 партиясы бар болсо да, Бабановдун өзүн өзү көрсөтүүдөн башка чарасы калбаган көрүнөт. Ыйкы-тыйкы менен старт алган Бабановду бул шайлоо күрөшүндө чоң салгылаштар күтүп турат...
Жогорку Кеӊештин экс-спикери, "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. Буга чейин Адахан Мадумаров Ташиев-Мадумаров-Келдибеков тандеми өз ара сүйлөшө турганын, президенттик шайлоого ким чыгары аз күндө жарыяланарын айткан эле. Бирок жарыя кылышпай, интриганы күчөтүүдө. Бүгүн Келдибеков "бул биздин стратегиялык тактика" деди. Үчөөнүн "стратегиялык тактикасы" катардагы амбициялардын күрөшү, бири-биринен президенттик тактыны кызганып жатышы болушу да мүмкүн. Ошондой эле Келдибеков соттор ишенимден кеткенин эфирдин жүрүшүндө белгилеп өттү. "Бүгүн адилетсиз сотторго кайрылып, бирөөнү сотко берүүдөн жыйынтык деле чыкпайт", - дейт ал.
Убагында кылмышка айыпталып, сот жообуна тартылган экс-спикер сот реформасынын ишке ашпай калышына "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевди күнөөлөдү. Кезинде Текебаев адилетсиздикке көз жумганын айтып, бүгүн өзү анын курмандыгына айланганын Келдибеков дагы бир жолу эскертип өттү. Убагында парламентте "Ата Журт" фракциясынын депутаттарына иш козголуп, четинен жоопкерчиликке тартылып жатканда "Ата Мекендин" депутаттары адилетсиздик болуп жатканын айтып чыккан эмес деп эскерет. "Өзүбүзгө, бийликке ыӊгайлуу кылабыз деп кабыл алган чечимдердин кесепети бүгүн бардык жарандарга тийүүдө. Эгерде президент болуп калсам, сот системинде адилеттүүлүк орнотууга бардык күчүмдү жумшайм", - дейт Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы. 2015-жылы сот коррупция боюнча айыпталган Келдибековду күнөөлүү деп таап, мамлекетке айып төлөөгө милдеттендирген. 2016-жылы экс-спикер 10 миллион сом айып төлөгөн. "Айып төлөө боюнча сот жогору жактын буйругу менен чечим чыгарды. Төлөбөй коюуга мүмкүн эмес эле, анткени төлөбөй койсоӊ да иш козголот", - дейт Келдибеков.
2010-жылкы парламенттик шайлоодо 1-орунду алган "Ата Журт" партиясы бүгүнкү күндө чоӊ саясатта жок. 2015-жылкы шайлоодо "Республика" партиясы менен биригип парламентке өткөнү менен, "ата журтчулардын" салмагы аз. Олуттуу саясий күчтүн алсызданып, оюн талаасынан чыгып калышына эмне себеп болгонун айтып берди Келдибеков. "Саясий интригада жаштык кылып алданып калыптырбыз. Карт саясатчылар алдап кетишти. Бул окуя бизге чоӊ сабак болду", - дейт өзүн жаш саясатчы эсептеген экс-спикер...
кошулду

