super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 23-майда өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун угат

 
Координациялык кеңештин жыйыны
Төрага Асылбек Жээнбеков. Координациялык кеңештин жыйыны
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Координациялык кеңештин жыйыны

Жогорку Кеңештин координациялык кеңеши 22-23-майдагы парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-майдагы парламент жыйынында "КРнын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "КРнын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралат. 

 

23-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрдин өкмөттүн 2012-жылдагы иши жөнүндөгү отчётун угуу пландаштырылууда. Ошондой эле "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: