super.kg logo

Окуянын күбөсү: "Бишкекте 1 жаранды сүзүп качып кеткен айдоочуну башка айдоочу кармап келди"

 
Унаа сүзгөн жигит
Жабырлануучуну сүзүп кеткен жер

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну башка айдоочу аркасынан кубалап барып, кайра алып келди. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG`ге билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя бүгүн, 3-июлда саат 17:15 чамасында Горький жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерде жол чырак коюлган эмес, бирок жөө жүргүнчүлөр өтө турган белгилер бар. Жолдон өтүп бара жаткан жаш жигитти BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп, токтобостон кетип калган. Аны башка айдоочу аркасынан кубалап барып, Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен жетип кайра алып келген.

"Ошол учурда башка күбөлөр "Тез жардам" жана Патрулдук милиция кызматкерлерин чакырышты. Унаа сүзгөн бала нес абалда болгондуктан так сүйлөй албай жатты. Ачык, олуттуу жаракаттары көрүнгөн жок, бирок жабык жаракаттары болушу мүмкүн. Качып кеткен айдоочу 50-55 жаштарда, унаасында жалгыз бара жаткан экен, кубалап барып кармап келген айдоочунун унаасында апасы экөө бара жатыптыр, ал 30 жаштардагы адам", - дейт күбө.

Тасмадан жабырлануучуну кылмышка шектүү айдоочунун унаасы менен ооруканага алып кеткенин көрүүгө болот.






Жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу кармалды (2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
03.07.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууганы Калыбек Эльтуйбасов (Сальянов) Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөөгө алынганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

2014-жылы 10-мартта 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева табышмактуу жагдайда каза болгон. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн бурганы менен бүгүнкү күнгө чейин анын бети ачылбай келет. Ал кезде ИИМди башкарган Мелис Турганбаев ишти толук изилдей турганына сөз берген.
04.07.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Э ХХХ шыпылдайт тимеле пойдём пойдём деп,
качып кетип ХХХ. ХХХ киши экен иса омуркуловко окшогон.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-04 09:27:48
04.07.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adiletto, провокация жол берилбейт. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
03.07.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат экен кайдыгер карап отуп кетпей чон иш кылыптыр.
03.07.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиги кайрып келген жигит азаматтын ишин кылыптыр. Ал эми тиги сузуп качып кеткен кишиге кылмыш ишин козгош керек, жоо жургунчуну сузгону аздай из жашырууга аракет кылып окуя болгон жерден качканы учун. Анан да 2-3 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу керек. Ошондо акыл кирет. Болбосо эртен эле башкасын сузот..
03.07.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер, пешеходдо 2 окуучу баланы сузгон айдоочу менен, жаны конушта 4 жашар кызды сузгон бала боюнча ачылган кылмыш иши эмне болду, кабар берип койгула. Же эл унутту деп прокурор-соттор параны чонтокко салып, кылмыш ишин кыскартып делону жаап салыштыбы адаттарынча?!!
04.07.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
04.07.2017. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармап келген жигит азамат экен. Баарыбыз ушул жигиттей болсок олкобуз башка денгээлде болмок
04.07.2017. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде интернет 6 саат ачылган жок,себеби тлфонбу же эмнеден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: