Бишкекте 4 күндөн бери дайынсыз болгон аял изделүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи дайынсыз жоголгон 39 жаштагы Салева Юлия Геннадьевнага издөө салат. Ал ушул жылдын 30-июнунда кечки саат 7:30 чамасында Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Изделип жаткан Юлия Салеванын белгилери: бою 170-175 сантиметр, салмагы болжол менен 75-80 килограмм. Дене-мүчөсү толмоч келген, чачы кара жана тармал, узундугу ийининен ылдый.
Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: күңүрт жашыл түстөгү узун сарафан, бутунда ак шлёпка.
Изделип жаткан жаран психикалык жактан жабыркай турганы белгилүү. Эгер аны кимдир бирөө көрүп-билген болсо же маалыматы бар болсо, (0550) 102-872; (0772) 18-09-45; 0(312) 43-32-75 номерлерине же 102 номерине байланышып коюшун милиция кызматкерлери суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.