Матвиенко Ысык-Көлдө "Балдар шериктештиги" форумуна катышып, балдар менен бийледи





Бүгүн, 4-июлда Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасындагы иш сапарынын алкагында "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форумунун мааракелик иш-чарасына катышууда.
Ал балдар менен саламдашып, маектешүүдө. Бул иш-чара Ысык-Көл облусунда өтүп жатат. Ошондой эле форумга Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, депутаттар дагы катышып жатат. Эске салсак, КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форуму жыл сайын Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин жана КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын жетекчилиги менен өткөрүлүп келет. Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден - Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген балдар катышат. Форумдун максаты - ар кандай билим берүү системасына ээ КМШга мүчө мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана жосуну, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү.
Форумда Валентина Матвиенко балдар менен бирге бийлеп, алардан белек алды.
Матвиенко "Балдар шериктештиги" форумуна катышууда
Матвиенко балдар менен бийледи
