super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трамптын аты жазылган жылдызчаны тазалаган кыз катуу сынга кабылды

 
Макенна Гринвальд
АКШнын президенти Дональд Трамп

Буга чейин Голливуддагы "Даңк аллеясы" АКШнын президенти Дональд Трампты жактырбаган адамдардын сүйүктүү орду болуп келген. Себеби аталган жердеги президенттин аты жазылган жылдызчага анын башкаруу системин колдобогон тургундар жагымсыз сөздөрдү жазып, боёп кетишкен.

Мындан 3-4 күн мурун Американын Макенна Гринвальд аттуу тургуну жылдызчаны жууп-тазалап, жыйынтыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Анын айтымында, ошол күндөн тарта президенттин душмандары аны жайына коюшпай, дарегине орой сөздөрдү жазып, тынчтык бербей келишет. Мындан улам АКШдагы телеканалдардын бири аны менен байланышып, кыздын эмне үчүн мындай кадамга барганын сурашкан.

"Менин оюмча тургундардын бул кылыгы туура эмес. Биз өлкөбүздөгү эң жогорку кызматты ээлеп турган адамды сыйлашыбыз керек", - деп жооп берген.

Белгилей кетсек, "Даңк аллеясындагы" Дональд Трамптын жылдызчасы мындан 10 жыл мурун "Кандидат" реалити-шоусуна продюсер болуп турганы үчүн берилген.

Ал эми 2016-жылы Трамп АКШнын президенти болуп шайланган 19 миңден ашуун адам каршы чыгып, жылдызчасын жок кылуу үчүн кол чогултушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.07.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргызстанда болгондо корот элем ушундай жолго барганынарды. Анда эле олду да АШАга соз тийигиздинер деп доого 5 10 миллион сом толотуп алат эле биздин гумандуу сотторубуз.
04.07.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Каерге кирсен Аша болуп калдыго Ашага эле асыла берет экенсинерда
04.07.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Трамп менен Атамбаев кайда турат ))) салыштырганга болбойт ко )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: