super.kg logo

Сот Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталгандарды күнөөлүү деп тапты

 
"Заноза" сайтына жарыяланган макаланын көчүрмөсү.

Бүгүн, 4-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда сот Болотбек Абдуллаевдин төрагалыгы алдында "Заноза" сайтынын журналисттеринин жана Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын соттук иши каралды.

Айыпталуучу Нарын Айып "Текебаевдин жактоочулары берген маалыматтын темасына 8 сөз кошконубуз үчүн 3 миллион сом айып төлөшүбүз керекпи?" - деди.
Мамлекеттик айыптоочу "Занозанын" журналисти койгон темада тырмакча жок болгондуктан, пикирди авторго таандык деп түшүнөбүз", - деп жооп берди.

Мындан соң сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Сот Болотбек Абдуллаев президент Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталып жаткандарды күнөөлүү деп тапты. 1-март күнү Текебаевдин жактоочулары маалымат жыйын куруп, кыйраган боинг учагындагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизди 10 миллионго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыкты. Судья көрсөтүлгөн сумманы Атамбаевди каралаганы үчүн ага моралдык компенсация катары төлөп берүү чечимин чыгарды.

Эске салсак, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кезектеги соттук отуруму өтүп жатат. Октябрь райондук сот отурумунда өтүп жаткан сот ишинин негизги фигуралары, айыпталуучулар Таалайгүл Токтакунова жана Канат Азиз Текебаевдин жактоочулары болгондуктан учурда ошол жакта кармалышууда. Бул маалда алардын үстүнөн Октябрь райондук соту чечим чыгарып, күнөөлүү деп тапты.

Айыпталуучу тарап чечимге макул эместигин айтып, шаардык сотко кайрыларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.07.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Хе-хе....башкача чечим чыкмак да эмес.Сот актаса кун башка жактан чыкмак
04.07.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Картриджин заправка кылдырып алса болмок
04.07.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сот эмес эле кот. Ээн арам ээн начар адамдар соттор. коруп, билип турса да жок деп туура эмес чечим чыгарышат. Куноолу болуп акча берсе куноосу жок кылып чыгарат. Адвокаттар дагы акча учун акты кара, караны ак кылышат
04.07.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыяяматта жооп беришет сот поту кыяяматта
04.07.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шашпай тургула АШАнын "куурчактары", жакында АШАга кошулуп силер да камалчу кун келет. Соттор кутулуп кетебиз деп ойлобогула!!!
04.07.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттун ксерокопия чыгарган машинасына краска алып берсин эми)) жарым жартылай корунбойтко даже)) уят силерге!
04.07.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга давно эле айткандай кароче нормальный акчагы жыгасын деп, анан соттун чечимин да талкуулаган . Анан эмне кереги бар эле сот откоруп))) Куноолуулорду чакырып сразу эле айтпаптыр да, силерди куноолу деп таптык кароче лям ташта да кете бер деп))) нерв коротуп аларды кечке суйроп анан чечим чыгарбай)))
04.07.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого да статья барбы анда менин да кадыр баркыма щек кеотиргендер бар сотко берет окшойм менда
04.07.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кылат,акыркы убактарда маалымат булактары бир тараптуу жазып жатышат эки журналисттин сөзү бири бирине төп келбейт,бири каралап жатса бири актап жазып жатышат,кимисине ишенеериңди билбейсин,бул деген журналисттер эмес эле эл бузарлар деп айтмакмын акча үчүн ак барака алкымы менен жазып жаткандары жанды кейитет бул дагы болсо кылган иштерине сабак болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: