АКШда аэропорттон тик учакты уурдоого аракеттенген куралчан адам өлтүрүлдү



АКШнын Орегон штатынын Хиллсборо аймагындагы аэропортто окутуп-машыктыруу үчүн пайдаланылган тик учакты уурдоого аракеттенген куралчан адам полиция тарабынан өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, кылмышка шектүү тик учактын инструктору менен анын жанындагы окуучусуна ок чыгарган. Окутуучу менен окуучу жаракат албагандыктан куралчан адамдан качып кутулушкан. Бул учурда ал тик учакты уурдоо аракетин көргөн.
"Бирок ал техниканы жүргүзө албай, талаа аралап качып жөнөгөн. Полиция куралчан бул адамды кууп жетип атып өлтүрдү. Окуяга байланыштуу аэропорттогу учактардын учуп-конуусу убактылуу токтотулган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Бул жерде жашыруун мотив бардай..