АКШда балыкчы кайырмак менен 2 метрлик жырткыч балыкты кармап алды

Кечээ, 3-июлда АКШнын Флорида штатынын Панама Сити Бич шаарына жакын океандын жээгинен балыкчы 2 метрлик барскан балыгын (рыба-молот) кайырмак менен кармады. Бул маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Үй-бүлөсү менен бирге океандын жээгинде эс алып жүргөн балыкчынын кайырмагына күтүүсүздөн 2 метрдей узундуктагы барскан балыгы илинген. Сейрек кездешүүчү балыкты жакындан көрүүгө жээктеги эс алуучулардын көпчүлүгү чогулушту. Балыкчы барскан балыгын кармоого атайын аракет жасабагандыгын айтып, кийинчерээк кармаган олжосун кайра сууга коё берди", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, башы барскан сымал балыктар Атлантика жана Инд океанынын тропикалык жээктерине жакын жашайт. Алардын эң узуну 6 метрге, салмагы 400 килограммга чейин жетет. Жырткыч балыктардын тобуна кирген барскан балыгынын саны аз болгондуктан, эл аралык Кызыл китепке киргизилип коргоого алынган.
Флоридада эс алуучулар 2 метрлик балыкты кармап алышты






1 |