Президент Алмазбек Атамбаев: "Кимдир бирөө кыргыз тилин билбесе эч нерсе эмес, үйрөнөт"
Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы №1-Мамлекеттик резиденцияда эң алдынкы окуучуларга алтын сертификаттар, мактоо баракчалары, баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чарада өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөргө кыргыз эли өзүнүн маданиятын, тарыхын, тилин сакташы керектигин айтып, ислам дини, террорчулук тууралуу кошумчалады.
"Өз тилиңерди билгиле. Кыргыз тилин эч качан унутпагыла, мына эми кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. "Кыргыз" сөзү "кырк ууз" дегенди билдирет. Элди түсүнө, улутуна карата эч качан бөлбөгүлө. Кыргыз тили эң байыркы тил. Кимдир бирөө кыргыз тилин билбесе эч нерсе эмес, үйрөнөт.
Эч качан сынбагыла. Менин досторум, туугандарым мага чыккынчылык кылышканы эсимде. Ишениш керек, турмуш оор, бирок алдыга жылыш керек, эч качан багынбагыла. Кечиримдүү болгула. Адамдар кедейликтен эмес, билбегендиктен ката кетиришет. Биз өлкөнү жакшыртышыбыз керек. Мейли бизде газ, мунай болбосун, бирок адамдар бар. Биздин келечек жакшы, туура жол менен кетиши керек", - деди президент.
Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 55 бүтүрүүчүгө алтын сертификат тапшырылат.
Мактоо грамоталары, 10 миң сом жана баалуу белектердин ээлери:
- Абай Жанузаков;
- Марат Эриков;
- Карлыгач Кайназарова;
- Айжан Мамбетжанова;
- Дмитрий Рыжиков;
- Бермет Субаналиева;
- Элина Молдокматова;
- Андрей Мухев;
- Алина Асангазиева;
- Жамал Жумашева;
- Карина Абдумажитова;
- Адель Асаналиева;
- Амангелди Усубалиев;
- Мээрим Абдукадырова;
- Никита Валыкин жана башкалар.
Быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу 11-классты, 90 миң окуучу 9-классты аяктады.
Президент мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлады


Оз балдарын тарбиялай албагандардан кандай президенттер чыгаарын тарых улам улам тастыктап отурат...