Жогорку Кеңеш жыйындар залына 12 миллион сомго 3 видеокамера сатып алганы жатат



Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы депутаттар отурган жыйындар залына 12 миллион сомго жабдууларды сатып алууну көздөөдө. Тендер Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 8-июнда жарыяланган. Учурда 3 компания тендерге катышууга арыз бергенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 5-июлда SUPER.KG'ге кабарлады.
Анын айтымында, тендер аркылуу жыйындар залына 3 профессионалдык видеокамера жана анын кошумча жабдыктары алынмакчы.
"Биз цифралык форматта берүүгө өткөндүктөн улам залдагы видеокамералар талапка жооп бербейт. Парламенттин жыйынын чагылдырган телеканалдар да залдагы камералардын сапаты начар экенин айтып келишет. Ошондуктан 3 видеокамераны алмаштырууга жана кошумча цифралык жабдыктарын сатып алууга тендер жарыяланган", - деди Нуракун уулу.
Тендерге 3 компания катышып, алардын арызын атайын комиссия карап жатканын кошумчалады.
"Бул тендер боюнча атайын комиссия түзүлүп, өзүм төрагалык кылып жатам. Тендерге катышууга арыз берген компаниялардын көрсөткөн бааларын карап жатабыз. Комиссия чечим кабыл алгандан кийин утуп чыккан тарап ишин баштайт. Жабдуулар депутаттар жайкы каникулдан келгенге чейин орнотулушу керек", - деди Нуракун уулу.
Тендерге катышып жаткан "Лэвэл" компаниясы жабдууларды 10 миллион 526 миң 880 сом, "АПЕКС" компаниясы 11 миллион 955 миң 895 сом, "Sound KG" компаниясы 9 миллион 900 миң 77 сомго сатарын билдирген.

Эмнесин королу, сессияга 120 депутаттын 15-20сы гана келип, корунгондун атынан кнопка басып, 1 саатта пачкалап 10-20 мыйзам кабыл алып жатышканын королубу же кечке ушакчы катындан бетер ушак айтып акыйлашканын королубу?!! Керек эмес камерасы да, оздору да, жоголуп кетишсин!!
Эгер бул жолу 12миллион сомго камера алышса, мен лично мамлекетке салык токпоймун, силер да салык токпогуло!!!