super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку 236 балл алган Абай Жанузаков программисттик кесипти тандайт

 
Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын директору Юрий Низовский
Абай Жанузаков

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган окуучуларга президент Алмазбек Атамбаев "алтын сертификат" менен баалуу белектерди ыйгарды. Бул жылы өлкөдөгү тест тапшырган окуучулардын эң алдынкы сабына 236 балл менен Абай Жанузаков чыкты. Ал Бишкек шаарындагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

"Мен тесттин жыйынтыгын укканда абдан кубандым, кыйкырып, ичимдеги кубанычтын баарын чыгардым. Ата-энем мактап, алкап жатышты. Тест кыйын эмес, болгону адам өзүнө ишениш керек, эмгектениш керек. Мен эмгектендим, окудум, даярдандым. Жакшы балл алам деп күткөм, бирок өлкө боюнча биринчиге чыгам деп ойлогон эмесмин. Тапшыра турган жогорку окуу жайды тандап койдук. Кыргыз-Орус Славян университетинин программисттик факультетине тапшырам", - дейт Абай.

Борбор калаадагы №61-физика-математикалык мектеп-гимназиясынын окуучулары ЖРТ уюшулгандан тартып эң алдынкы көрсөткүчтөргө ээ. Өткөн, 2016-жылы да аталган мектептин бүтүрүүчүсү Данияр Ибраимов 237 балл менен биринчи орунга чыккан. Мектептин жетекчиси балдарды атайын ЖРТга даярдабай тургандыгын, математика сабагына көп басым жасалгандыктан жыл сайын жакшы жыйынтыктар боло тургандыгын айтты.

"Биз окуучуларды атайын ЖРТ үчүн даярдабайбыз. Бул физика-математикалык багыттагы мектеп болгондуктан балдар логикалык ой жүгүртүүгө көнгөн. Мындан улам алар ЖРТнын суроолорун белгилегенде кыйналбайт. Жалпысынан бул жылы биздин мектептен 7 окуучу "алтын сертификатка" ээ болду", - дейт аталган мектептин директору Юрий Низовский.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
05.07.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайга шүгүр, бизде ушундай мектеп бар экенине. Мамлекет мындай мектептерге абдан колдоо көрсөтүү керек. Балдар - биздин келечегибиз
05.07.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Абай, өз акылын менен өзүңө кең келечек түзүп жатасың!
05.07.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жигит десе мамлекетке кошо турган чыныгы патриот болушуна ишенемин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: