super.kg logo

2 жаштагы Ибрагимди катуу сабап, зордуктоого шектелген жарандын жактоочусу: "Жаныбек Тулебековду күнөөлүү деп жазага тартууга фактылар жетишсиз"

 
Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккөзованын кыздары. Оңдон солго ата-энеси камалган убактагы сүрөт, кийинки учурдагы сүрөт (сүрөт жыйында кыздардын камкорчусу тарабынан көрсөтүлдү).

"Катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жаштагы баланын иши боюнча соттолгон Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккөзованын жактоочусу Бакыт Асамудинов иш калыс каралып, адилет чечим чыгышы керек экенин бүгүн, 5-июлда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккөзованы күнөөлүү деп жазага тартууга фактылар жетишсиз.

"Соттук экспертиза үстүртөн гана жүргүзүлгөн, фактылар жетишсиз. Андан тышкары бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө деп мамлекеттик айыптоочулар сотко да басым жасашты. Жадакалса соттор да калыс карагандын ордуна айыптоочунун милдетин аткарган учурлар да болду. Президент иш жакшы каралсын деп Башкы прокуратурага тапшыруусу мүмкүн, бирок анын жеке көзөмөлүндө болуусу мүмкүн эмес. Албетте, бир жаш баланын тагдыры талкаланып жатат. Бирок бул жерде Жаныбек Тулебековдун 5 кызы да ата-энесиз калып жатпайбы. Алар да "зордукталды" делген баладай бирөөнүн колунда тарбияланууга мажбур болуп жатат. Ошондуктан бул иште калыс, адилеттүү чечим чыгарылышы керек", - дейт жактоочу.

Андан тышкары жабыркаган бала азыр Жалал-Абад облусунда өгөй апасынын колунда жашап жаткандыгын кабарлады.

"Учурда ал баланын ден соолугу жакшы болуп калган. Атасы жалал-абаддык бир келинге үйлөнүп, баласын анын колуна таштап коюп, азыр өзү Бишкекте жүрөт. Апасы кайда экени белгисиз. 3 айлык кезинде таштап кеткен экен, ошол боюнча кабар жок. Атасы сотко келип "булар андай кылмышка барбайт эле, катуу жазалабай эле коюшуңуздарды өтүнөм" деген", - дейт жактоочу.

Айта кетсек, 2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы Жаныбек Тулебеков жана анын аялы Айзада Аккөзова эки айга камакка алынган. Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында ишти Аламүдүн райондук соту карап, Тулебековду өмүр бою, Аккөзованы 15 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон айыпталуучу тарап апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Азыркы тапта иш облустук сотто каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.07.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
алардын балдары эми Ибрагимдей болуп биронун колунда осот деген неси?кайтар дуйно.Соттук экспертиза аныктаган зордуктап сабашканын.Адвокат болсо эле акча учун кылмышкерди актай береби?Атасы кайра дагы таштап кетпей чогуу ала кетпептир Бишкекке кв снимать этип.Кукук энесине го соз жок.
05.07.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meni_kut,туура айтасын кайтар дуйно.Ибрагим канча жаны кыйналды куноосуз периштени кордошту. Ошого жараша жазасын алыш керек.Ата энеси ойлош керек эле кыздарыны жактоочу эмес.
05.07.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адвокаттар менен соттор cot болот. Коруп билип туруп куноолуну куноосу жок дешет. Булар акча учун энесин сатып ийишет
05.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адвокаттын уяты барбы деги же акчасы бардын ырын ырдай береби. Ибрагимди оз бир тууган инисинин тем более эки жаштагы уул баланы зордуктаган адамды актап. Андай ангини бычып турмодо эле жок кылыш керек. Коомго коркунучтуу деп ойлойм. Беш кызын зордуктаса болмок эки жашар уул баланы бир тууган инисинин аманатын зордуктагыча. Адвокатка да деги эле адамзатка ыман ынсап берсин...
06.07.2017. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulya583, жазып жатканда бир аз ойлонсоңуз боло, беш кыз да Ибрагимдей эле балдар.
05.07.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сурер инфо ушул Ибрагимдин азыркы абалы тууралуу да кабарлап койсонуздар кандай жашап жатат жакшы брлуп калганбы
06.07.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya150715, саламатсызбы? Жогоруда абалы тууралуу жазылган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-06 11:46:09
06.07.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 жашар баланы кордогон айбанды коргоштун зарылы жок! Жазасын алыш керек! Мындай атанын барынан жогу жакшы. Анан да, кыздардын сүрөттөрүн жарыялоонун зарылы бар беле бүтүндөй калкка, алардын уруксатын ким алган, алардын укугун ким коргойт, же ар ким эле көзгө сайгылап көрсөтө берүүсү керекпи. Журналисттер, өз милдеттериңерди, укуктарыңарды билсеңер. ММК жөнүндө мыйзам бар жана жоопкерчилик да бар, ашыкча кетүүнүн зарылы жок, сенсация деп эле.
06.07.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk, саламатсызбы? Сүрөт жыйында кыздардын камкорчусу тарабынан көрсөтүлгөн.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-06 11:11:58
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: