super.kg logo

Текебаевдин иши боюнча күбө Дмитрий Жуков: "Модин "бирге иштешели" деп сунуш кылган. Күттүм, кийин күтүүдөн жыйынтык жок экенин түшүндүм"

 

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумда күбө катары "НУР Телеком" ишканасынын маркетинг боюнча директору Дмитрий Жуков көрсөтмө берүүдө.

Ал Модин менен болгон тааныштыгы тууралуу айтты.

Мен 2010-жылы Модиндин сунушу менен "НУР Телекомдон" жумуштан бошогом. Анда сентябрь айынын аягы болчу. Мага Модин "бирге иштешели" деп сунуш кылган. Күттүм, кийин күтүүдөн жыйынтык жок экенин түшүндүм. Иш болбогон соң 2011-жылдын июнь айына чейин жумушсуз жүрүп, кайра мурдагы өз ишиме кайттым. Ошол бойдон Модин менен байланышкан жокмун”, - деди Жуков.

Ошондой эле ал Модин ага кандай кызмат сунуш кылганын да билген эмесмин деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: