"Аль-Жазиранын" журналисттери каналды жабуу талабына жооп катары видеокайрылуу жасашты

Өткөн айдын башында Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет өлкөлөрү Катар террорчулукту колдоп жатат деген негизде Катар менен алакаларын үзүп, аны менен бирге 13 талап коюшкан. Бул тууралуу Al Arabia басылмасы жазып чыкты.
Талаптардын арасында Иран менен болгон дипломатиялык мамилени токтотуу, Түркиянын аскердик базасын жана "Аль-Жазира" телеканалын жабуу талабы коюлган. Алар 3-июлга чейин аткарылуусу керек эле, бирок 48 саатка узартылган.
"Аль-Жазира" телеканалынын журналисттери каналды жабуу талабына жооп катары видеокайрылуу жарыялашкан. Кайрылууда журналисттер телеканал жабылса, элдин объективдүү маалымат алуу укугу бузуларын айтышкан.
Чет элдик маалымат каражаттары бүгүн Катар талапка жооп кайтарганы менен, кандай жооп болгону белгисиз бойдон калып жатканын жазып чыгышты.
"Аль-Жазиранын" журналисттери каналды жабуу талабына жооп катары видеокайрылуусу



1 |