super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков чек ара кызматкерлеринин жүрүм-турумуна жана ишине чет элдик коноктор даттанып жатканын айтты

 

Бүгүн, 5-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусун кыдырып, бир катар мекемелердин абалы менен таанышууда. Анын алкагында Жээнбеков Кыргыз-Казак чек арасындагы "Чалдыбар унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо долбоору менен таанышып чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5 миң адамга чейин жана 300 автоунааны түзөт. Модернизациялоонун жыйынтыгында өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе өсөт.

"Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу менен аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын агымы көбөйгөндүгү байкалды. Буга байланыштуу аталган пунктту реконструкциялоо жөнүндө тапшырма берилген", - деди Уларбек Шаршеев. Көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоонун алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Модернизациялоо иштерин ушул жылдын октябрь айына чейин аяктоо пландаштырылган. Анын жалпы сметалык баасы 13,9 миллион сомду түзөт.

Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна кирүүчү жолдорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Ошондой эле ал мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин жүрүм-туруму, маданиятына, ишине карата калктан жана чет элдик меймандар тарабынан сын-пикирлер жана даттануулар түшүп жатканын билдирип, буга көңүл бурууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.07.2017. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уятын жеп бутушкон ушу чек арачылар.биз 10адам орусиядан машинада келдик.орус,казактар откорду унчукпай.кыргызга келгенде орусиянын границасынан кирбепсин.менден ушинтип чыгып жатат.базада жоксунар деп 4кишини камап салды 1саатка.1саат ичинде пограничник келип акча берсенер бошотом деди.сураган суммалары 500рубль ар бирибизден.аябай окундум кыргызстанга жеткенде озубуздун жеп ичерлерге кармалганыма.1тыйын бербейм деп коркпоц отурдук.акыры акча бербешибизге козу жетти окшойт кое беришти
06.07.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tatynam_88,документинде нарушение болсо кармайт да,ар олконун границасында оздоруно тиешелуу нормалары бар.Документацияны тушунбогонун ушундай карангылыка алып барат,анан тыты-пыты деп жамандатып эле койсо бироону!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: