super.kg logo

Күндүн ысыгынан сактануу боюнча адистерден кеңеш

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 6-июлдан 9-июлга чейин күн ысып, айрым жерлерде абанын температурасы 42 градуска чейин жетерин билдирген. Буга байланыштуу, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору күндүн ысыгынан сактануунун жолдорун сунуштайт.

Күн ысыган учурда денеңиз кенен дем ала турган, ачык түстөгү кийим кийиңиз. Албетте, баш кийимди да унутпаңыз (шляпа, панама, бейсболка ж.б.). Муну менен бирге күндүз Күндүн алдында көпкө көчөдө басууну кыскартыңыз. Бир күндө 2-3 литрден кем эмес суюктук ичиңиз. Ачык түстөгү Күндөн сактай турган кол чатыр колдонууну сунуштайбыз. Ал эми тамакты бат-бат жеп, жашылча-жемиштерден же кычкыл сүт азыктардан жасалган тамакка басым жасаңыз.

Балдарды, карыларды жана жаныбарларды бекитилген унаанын ичине жалгыз таштабаңыз. Эгерде өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, жардамга чакырып же колуңуздан келген чараларды көрүңүз.

Күн нуруна кабылуунун белгилери:

  • Баш айлануу, баштын ооруусу;
  • Алсыздык, эстөө;
  • Кусуу;
  • Бат-бат дем алуу, жүрөктүн бат согушу;
  • Галлюцинациялардын болуусу: көрүп жатканы кызыл же жашыл түскө боёлуп көрүнүүсү;
  • Эттин ысышы;
  • Булчуңдардын карышуусу;
  • Тердин жоктугу;
  • Ысык кургак дене;
  • Эсти жоготуу;
  • Мурундан кан агып, кол менен буттун калтыроосу.

Күндүн ысыгынан жабыркаган адамга жардам берүү тууралуу:

Күндүн ысыгынан жабыркаган адамга дароо "Тез жардам" чакыртып, медицина кызматкерлери келгиче биринчи жардамды көрсөткөнгө аракет кылыңыз.

  • Алгач адамды көлөкөгө жана салкын жерге чалкасынан жаткырыңыз;
  • Чалкасынан жаткырып, бутун өйдөлөтүп, башына муздак сууга чыланган сүлгү коюңуз;
  • Ал эсин жоготпосо суу же муздак таттуу чай бериңиз;
  • Денесин кысып, чапташкан кийимдерин чечип салуу оң;
  • Мүмкүн болсо жабыркаган адамды муздак сууга түшүрүп же нымдуу шейшеп менен ороңуз, же муздак суу куюп жуунтуңуз;
  • Адамдын денесинин табы бат түшүшү үчүн желпингич же желдеткичти колдонуңуз;
  • Эгер жабыркаган адамдын дене табы 38,5 градуска көтөрүлүп же ашып кетсе, дене табы түшкүчө муз салынган баштыктарды же бөтөлкөлөрдү туш-тушунан коюп коюңуз;
  • Эсин жоготкон учурда нашатыр спиртинин же 10 пайыздык аммиак аралашмасын жыттатыңыз;
  • Ошол эле учурда дем алуусун жана жүрөк согушунун ылдамдыгын текшерип туруңуз;
  • Эгер абалы оорлошуп кетсе, жүрөк тушуна массаж жасап, жасалма дем алдыруу керек.

Күн же күндүн ысыгында көп жүрүүдөн, ысыкта калың кийингенден жана жабык чакан имаратта оор жумуш кылуудан өтөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.07.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо врач остеопаттар жонундо маалымат бергилечи. Кыргызстандагы врач остеопаттар жана кабыл алуудагы баалары жонундо.
06.07.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba1985, саламатсыздарбы? Сунушуңузга рахмат тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
07.07.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
08.07.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Москвада жамгыр тажатып жиберди бизди.
08.07.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dirol,оа ошондой деп атышат ко.аа? А бизде 45 градус
08.07.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga ysyk bilinbei ele turat
08.07.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш ысык болуп атат,эшике чыксан аба жоктой,уйдо эле жатабыз,баарын жыйыштырып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: