super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Домодедово" аэропортундагы Кыргыз жараны Бишкекке кайтат

 

Бүгүн, 5-июлда "Элдик кабар" рубрикасында Кыргыз жараны Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда 5 күндөн бери жашап, мекенине кайта албай жатканы тууралуу маалымдалган.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине байланышка чыкканыбызда, ал жаран менен байланышарын билдиришкен. Бир аз убак өткөн соң элчиликтин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына аэропорттон Н.Шаршенов аттуу Кыргыз жараны табылганын кабарлады.

"Телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин бул жаран 1-июлда Москва шаарына Франциядан грециялык Родос аралы аркылуу учуп келгени маалым болду. Аэропорттон аны Орусиянын аймагына болгон сапарынын максаты чындыкка дал келбесин айтып, коё бербей коюшкан. Чек ара кызматынын кызматкерлери ал жакынкы арада кайра Грецияга депортация болорун билдиришти. Элчиликтин кызматкери менен орусиялык тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жаранды Бишкекке учуруу тууралуу чечим чыгарылды", - деди Байымбетова.

Учурда аталган жаранга билет алуу маселеси каралып жатканын кошумчалады кызматкер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.07.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Маселелер элдик кабар аркылуу чечилип калды окшой. Рахмат! Супер Инфо силерге элдин унун жеткиргенинер учун.
05.07.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Leilek-razzakov,ушу супер инфого данк баракелде жарайсынар супер атынарга ишинер жарашкан кызматкерлер болуга Бишкекке барганда 2 кг аш менен
05.07.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Melis2014,жашасын супер инфо чоон рахмат
05.07.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бийлик мн элдин ортосудагы копуро болду супер инфо,коп проблемалар чечилип.
05.07.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо эркекбек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: