ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 77 жашка толду

Казакстандын тунгуч президенти (1990-жылдан бери), "Улуттун лидери" Нурсултан Назарбаев Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Иш жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын тунгуч президенти (ага чейин Казак ССРинин президенти) болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, Нурсултан Назарбаев 80 пайыз добуш менен жети жылга өлкө башчысы болуп шайланган.
2005-жылы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Назарбаев 91,15 пайыз добуш алып, кайрадан өз ордунда калган.
2011-жылы 3-апрелде шашылыш түрдө өткөрүлгөн президенттик шайлоодо ал 95,5 пайыз добуш менен төртүнчү ирет 2016-жылга чейинки мөөнөткө шайланган.
Ал эми 2015-жылы 26-апрелде Казакстанда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Назарбаев 97 пайыз добушка ээ болуп, президенттик ордун сактап калган.
6-июлдун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.