super.kg logo

Японияда суу ташкынынан кийин 15 адам дайынсыз болууда

 

Япониянын түштүгүндө катуу жамгырдан кийин суу ташкындап, мындан 15 адам дайынсыз болуп жатканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Япониянын вице-премьер министри Таро Асо кооптуу аймактарга өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу, бүгүн 6-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Есихидэ Суга маалымат жыйын уюштуруп, бир канча адамдардын дайыны чыкпай жатканы боюнча маалыматтар түшкөнүн айтты.

Биз жардам көрсөтүү үчүн 7500 аскер жана полиция кызматкерлерин, куткаруучуларды тарттык. Учурда 40 тик учак шашылыш кабарлар үчүн даяр турат”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Учурда жол, турак жай жана башка инфраструктуралык курулуштар зыян тартты. Азырынча бийлик келтирилген зыяндарды аныктай элек.

Метеорология кызматы катуу жамгыр 7-июлга чейин уланарын, абал мындан да кыйындашы мүмкүн экенин айтып дарыяларда суу ташкындоо, ошондой эле жер көчкү коркунучтары бар экенин эскертүүдө. Мындай абал өлкөнүн Фукуока жана Оита аймактарында сакталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.07.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ Алла озун сакта!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: