ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Адамдын өмүрүн узарткан өбүшүү тууралуу кызыктар
Бүгүн, 6-июль - Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү. Алгачкы жолу 19-кылымдын аягында Улуу Британияда белгиленген бул майрам дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө майрамдалат. Бул күнү бир катар шаарларда өбүшүү боюнча сынактар өтөт.
Кызыктуу маалыматтар:
- Өбүшүүнү изилдеген илим филематология деп аталат.
- Эң узакка созулган өбүшүү 2013-жылы таиланддык түгөйлөрдүн ортосунда болуп, 58 сааттан ашкан.
- АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
- Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы америкалыктардын "Өбүшүү" тасмасында көрсөтүлгөн.
Өбүшүүнүн пайдалары:
-
Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.
-
Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.
"Таймс-Сквердеги" тарыхый өбүшүү
Тарыхтагы белгилүү өбүшүүлөрдүн бири - "Таймс-Сквердеги өбүшүү". Бул сүрөт белгилүү сүрөтчү Альфред Эйзенштадт тарабынан 1945-жылдын август айында Япониянын согуштан жеңилген күнүндө тартылган. Кызыгы, сүрөттөгү адамдардын ким экендиги 60 жылдан кийин гана аныкталган. Алардын бири америкалык медайым Эдит Шейн, экинчиси Карл Мускарелло аттуу моряк болгон. Экөө бири-бирин тааныган эмес. Ошол учур тууралуу Э.Шейн мындайча эскерген: "Ошол күнү тааныбаган адамдын мени кучактап, өбүүсүнө таң калган да, каршы болгон да эмесмин. Себеби ал күн улуу күн эле, жеңишти майрамдап жатканбыз. Айланадагы адамдардын баары кучакташып, өбүшүп жаткан".
СССРдин белгилүү башчысы Леонид Брежнев сезимдерин билдирүүдөн эч качан тартынган эмес. Буга сүрөттөрдө сакталып калган көз ирмемдер далил болуп берет. Брежневдин Германия Демократиялык Республикасынын башчысы Эрих Хонеккер менен өбүшүүсү орусиялык сүрөтчү тарабынан "Берлин дубалына" түшүрүлгөн.
6-июлга карата жылнаама.








1 |