super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош шаарындагы борбордук базарда таштанды күн сайын тазаланат" дейт мэрия

 
Борбордук базардагы таштанды ташталган жер
Борбордук базардагы таштанды ташталган жер

Ош шаарындагы борбордук базарда таштанды күн сайын тазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG`ге Оштун мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулу билдирди.

"Борбордук базарда таштандылар күн сайын тазаланат. Айрым күндөрү эле таштанды ташыган унаа кечигип калганда бир аз туруп калбаса, убагында тазаланып чыгарылат. Айрым күндөрү мал көп союлганда таштанды көп чыгат. "Элдик кабардагы" сүрөт ошол учурда тартылса керек", - дейт Талантбек Канатбек уулу.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман "мурда да дал ушул жерде уйлардын баш сөөктөрү ачык жатканын тартып жибергем. "Эскертүүлөр берилди, мындай абал көп боло бербейт" деп жооп кайтарышты эле. Бул жер такай ушундай абалда. Аптаптуу күндө чыдай алгыс жыт чыгып жатат", - деп кабарлаган.






Ош шаарындагы борбордук базар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: