super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мэрия: "Бишкек шаарындагы №35-каттамда 12 автобус болгондуктан кечигүүлөр болушу мүмкүн"

 

Кечээ, 5-июль күнү "Элдик кабар" рубрикасына окурман Бишкектеги №113-маршруттук каттамынын жоюлушунан улам ыңгайсыздык жаралып жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган.

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Нурлан Атаканов менен байланышканда, ал бул маселе жөнүндө түшүнүк берди.

"Автобустардын жүрүү аралыктары 10 мүнөткө чейинки убакытты түзөт жана алар эч кандай кечигүүсү жок жүрүшөт. Бирок биз бул маселени дагы текшеребиз, балким, азырынча 12 автобус бар болгондуктан кечигүү болушу мүмкүн. Жакын арада каттамды аткарган "Шыдыр Жол Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коом дагы 40 автобус алып келүүнү күтүп жатат. Биз бул ишкана менен макулдашып, пенсионерлерге жеңилдиктерди киргизүү келишимин түздүк", - деп билдирди Атаканов.

Эске салсак, 12-май күнү Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган №35-каттам ачылып, газ менен жүрүүчү жаңы 12 автобус киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: