УКМК: "Эл аралык террордук уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды"
Эл аралык террордук уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде эл аралык террордук уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды.
"Алардын бири 1994-жылы туулган А.Р. социалдык тармактар аркылуу элдерди "жихадка" үндөп, үгүт иштерин активдүү жүргүзүп келген. Ал эми экинчиси Б. уулу Р. эки Кыргыз жаранын Сирияга жөнөтүүгө жетишкен. Алар ошол жактагы согушта каза болгон. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Качан жанылыктарды окуба мынча тероррист кармалды,тукунчо кармалды деген эле жанылыктар.
Элге көргөзсө болбойбу ооо калайык мообул шакал терорчу эл бузар көрүп алгыла бул шакалды ойлонгула ойгонгула эртели кеч ушул галдирдин акыбалына түшүп калгандан сактангыла деп туруп ХХХ