super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов түзгөн программасын колдогон талапкерди шайлоодо колдоорун айтты

 

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 3 бөлүктөн турган программа түзүп, аны колдогон талапкерди президенттик шайлоодо колдоорун билдирди.

“Соттук реформага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, бул жерде толгон маселелер бар. Ал Жогорку Кеңештеги сотту тандоо кеңешинен башталат. Анткени мыйзамдагы чабалдыктан тандоо кеңеши аркылуу бул кызматка тажрыйбасыз адамдар келип жатат. Мен өзүмдүн билим тажрыйбам менен да сот болуп иштеп кетем деп айта албайм. Бул үчүн кеминде 5 жылдык адвокаттык болсо да тажрыйба керек.

Улуттук коопсуздук кызматы бир эле саясий же терроризмге байланыштуу коопсуздукту эмес, энергетикалык, экономикалык коопсуздуктарды да карашы керек. Бул үчүн элдик акционерлер кеңешин түзүү абзел.

Президент партияга көз каранды же партиялык иштерге тиешеси жок болушу керек. Журт башчысы деген партиянын көзүн карап, анын сызган сызыгы менен эмес, элдин башында туруп, көз карандысыз жол баштоочу болууга тийиш”, - дейт Кулов.

Феликс Кулов учурда бир канча талапкерлер менен макулдашып, сүйлөшүүлөргө барганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: