super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акунга акыйкатчынын кызматына кантип дайындалганы эскертилип, талапкерлерди сындаганы кемчилик экени айтылды

 

Бүгүн, 6-июлда “Адам укугу” партиясынын курултайынын катышуучусу Салыбек Чолуев экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду талапкерлерди сындабаганга чакырды.

“Президенттик жарышка чыкканда эч кимди жамандаба, айткан кемчиликтериң ушул жерде калсын. Жолугушууларда бир кишини жамандап отурсаң болбой калат. Коюп жаткандардын биринин дагы денесинде падышанын каны ойногон жери жок. Илгери кандан кан чыгат деген салт болчу. Андай болбой жатат. Ушул жолу татыктуу президент тандай албай калсак кыргыз элинин шору”, - деди ал.

Ошондой эле Салыбек Чолуев Турсунбек Акунга акыйкатчынын кызматына аны Өмүрбек Текебаев жактырбай койгонун эстетти. Буга экс-акыйкатчынын курултайда талапкерлердин көбүн сындап, Текебаев тууралуу сын айтпаганы себеп болду.

“Кээ бир учурда чындыкты айтпай коёсуң. Акыйкатчылыкка барайын дегенде Жогорку Кеңешке жеткенче Өмүрбек Текебаевди мактап бардың. Ошондо Текебаев сага "акыйкатчы боло албайсың" деген. Экөөңөр сөгүшүп кеткенсиңер. Акыйкатчынын кызматына КСДП колдоду эле го сени. Чындыкты айтыш керек, эки революциядагы тоноочулукта Текебаевдин катыштыгы бар. Ууру кишинин орду түрмөдө”, - дейт Салыбек Чулуев.

Турсунбек Акун курултайда айтылган сындарды эске ала турганын билдирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: