super.kg logo

Бишкекте жол кырсыгына кабылган эки окуучунун жакындары сотто кылмышка шектүүгө кол көтөрүштү

 

Бүгүн, 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум болду. Анда жабырлануучу тарап сотко даяр эмес экенин айтышып, отурумду кийинкиге жылдырууну сурашты. Судья тараптардын пикирип угуп, ишти кароону 12-июлга жылдырды.

Кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышты. Бирок аларды конвой токтотуп калды. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөргөнгө жетишти.

Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.






Эки окуучунун жакындары сотто кылмышка шектүүгө кол көтөрүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
06.07.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ушул туурабы эми
06.07.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Булар келесоого,кызматкерлерди урганга эмне акысы бар ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-07 10:54:51
06.07.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошо кызматкерге кол которгону учун кайра озулорун соттосо не болот. Кичине ойлонушпайбы. Аларда не куноо.???
06.07.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урса эле балдары кайра ордуна келеби?АЛЛАХ жазасын берсин... Сотторго деле ишенбей калды ел., андан кѳрѳ ѳзүм ѳчүмү алып алайын дегенгоо...
06.07.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Иеолуңутуруп калайын дейт го бир кыргыз эже.
06.07.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушулардын башына түшкөн иш, силердин башыңарга түшкөндө көрмөкпүз сынтакканыңарды!
08.07.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Janel2013,кеп сын такканда эмес. конвой оз ишин аткарып жатат да. Анчалык недовольны болсо анда Судьяны кутуп ошондой чечим чыгарганы учун судьяны урушпайбы. Конвойдун иши ошол Подсудимый адамдын коопсуздугуна керек болсо ьашы менен жооп берёт.
Pchelka85 түзөттү 2017-07-08 12:10:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: