super.kg logo

Жеңил унаасын дарак басып калган жаран Бишкек мэриясы менен Жашылдандыруу ишканасын сотко берүүгө камынууда

 

Бишкекте унаасын дарак басып калган үй-бүлө Бишкек шаардык мэриясы менен Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасын сотко берүүгө даярданууда. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июлда бак басып калган унаанын ээсинин жубайы Элмира Ибраимова билдирди.

"Борбор калаанын Жибек Жолу көчөсүндө эки адамдын кулачы жетчүдөй дарак кулап, жеңил унаабызды басып калган эле. Бактыга жараша, жолдошум аман калган. Ал күнү эч кандай шамал болбой эле дарак кулап түшкөн. Мындан улам биз Кыргыз гидромет агенттигинен ошол күндөгү аба ырайынын жыйынтыгын алдык, Патрулдук милиция кырсык тууралуу тиешелүү кагаздарын беришкен. Жашылдандыруу ишканасы акт толтурушкан. Эми тажрыйбалуу жактоочу таап сотко кайрылабыз. Биздин максат Жашылдандыруу ишканасынын жоопкерчилигин кароо жана талкаланган унаабыздын адистер чыгарып берген 115 миң сомдук чыгымын төлөтүү", - дейт Ибраимова.

Ал билдиргендей, жолдошу күзөтчү болуп иштесе, өзү Токмок шаарындагы балдар үйүндө эмгектенет. Балдары жаш болгондуктан кырсыктан келтирилген чыгымды жоюуга каражаты жок.

Буга чейин Жибек Жолу көчөсүндө 40 жылдан бери өскөн дарак тамыры менен кулап, жеңил унааны басып калганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.07.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
molodets, tolotkulo
06.07.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылат чириген картайган дарактарды кыркыш керек да
06.07.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун 115 мин?Машинанын толук базар баасын толотуш керек.Усталар эптеп ондоп-туздогон машина баарибир оз калыбындай болбойт.Салыкты эмне учун толоп жатабыз окмотко?Дагы жакшы айдоочусу аман калыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: