Орусияда терроризмге үгүт иштерин жүргүзүүгө шектелген Кыргыз жараны 8 жылга эркинен ажыратылды
Орусиянын Самара шаарында 2016-жылы терроризм-экстремизм боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө шектелип кармалган Кыргыз жараны 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Самаранын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Соттолгон адам 2016-жылдын январь айынан июлдун аягына чейин өзү жана батирде чогуу жашаган 3 адам менен бирге экстремисттик маанайдагы үгүттөрдү жүргүзгөн. Алардын кийинки максаттары Орусиянын аймагынан чыгып кетүү болгон. Кармоо маалында шектүүнүн чөнтөк телефонунан экстремизмге тиешелүү далилдер чыккан. Шектүүлөрдүн үстүнөн Самара облустук Тергөө башкармалыгы Орусиянын мыйзамдарына ылайык, "терроризмге жардамдашуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, учурда соттун чечими чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Жатсын эми кең көчөгө батпай тайраңдаган экен тар жерде туалет жыттап жатсын шакал өзү эле камалса бир жөн артында КЫРГЫЗ деген атты башкага жаман көрсөтүп жатат.