super.kg logo

Семетей жаңы конушунун тургундары тез арада жер бөлүп берүү талабы менен өкмөттүн алдына чогулушту

 

Бүгүн, 6-июлда Семетей жаңы конушунун тургундары тез арада жер бөлүп берүү талабы менен өкмөттүн алдына чогулушту. Чогулган элдин саны 30га жакын.

"Трансформация" кыймылынын жетекчиси Бекназар Айталиевдин айтымында, 2007-2008-жылдары аталган конуштан 3 миң адамга жер үлүшү берилген.

"2008-2009-жылдары курулуш баштала электе өкмөт бул жерде ар кандай долбоорлор боюнча курулуштар баштала турганын жана аэропорттун жанына жашаганга болбой турганын билдирген. Башка жактан жер бөлүп бере тургандарын айткан. Мына 9 жылдан бери эл колдоруна Кызыл китептерин көтөрүп, күтүп жүрөт. 2010-жылы революция болгондо жыйынтык болобу десек болгон жок. Андан бери президентке, өкмөт башчысына кайрылышкан, бирок жыйынтык чыккан жок. 2016-жылдын аягында өкмөттүк комиссия тарабынан Сокулук районунун Ат-Башы айылынан мурдагы коргоо министринин балансындагы 335 гектар жер табылган. Мекеме аралык комиссия түзүлүп, ошол жерди бөлүп берүү чечимин чыгарышкан. Агрардык өнөр жай комплексинин кызматкери коргоо комитети кол койбой жатканын билдирди. Кечээ бул маселеге ылайык, бүгүн өкмөттө чогулуш болмок", - деди Айталиев.

Учурда чогулгандардан 5 адам Өкмөткө кирип кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: