super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жапжаш болуп, жаркылдап жүрүүнүн сырлары"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жапжаш болуп, жаркылдап жүрүүнүн сырлары барбы?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Албетте, ар бир айым өзүнүн жашынан бир топ жаш көрүнгүсү келет. Жагымдуу комплиментти дарегибизге айтса бир топ кубанабыз.

1.Ден соолукту чыңдашыбыз керек. Албетте, туура тамактануу, дене тарбия көнүгүүлөрү, жылына бир жолу организмди шлактардан тазалоо. 8 сааттан кем эмес уктоо, курагыбызга карап тамактануу, ар дайым позитивдик маанайда болуу.

2.Аялдар үчүн боюнда болгонго чейинки кез, боюнда бар кези жана төрөттөн кийинки кезинде денеде ар кандай өзгөрүүлөр болот. Мисалы, курсак, эмчек терилеринин айрылышы жана баланы эмчектен чыгаргандан кийин көпчүлүк аялзаты толуп кетүү коркунучуна кептелишет. Бат арыктоо, кайра толуп кетүү менен терибизди бошотуп алуубуз да мүмкүн. Ошондуктан дайыма бир калыпта жүргөн жакшы.

3.Убак убагы менен саунага барып, терини жаман заттардан арылтуу, массаж алуу да пайдасын тийгизет.

4.Бет сулуулугу үчүн алгач бет терибиздин кайсы типке таандык экенин билип алып, ошого жараша бет май жана маска колдонуш керек. Жайкысын күндөн сактай турган, ал эми кышкысын сууктан, шамалдан сактай турган бет майларды тандайбыз. Косметиканы да терибизге жакканын алсак жакшы натыйжа берет. "Алган жары жарашса, кара катын ак болот" демекчи, биздин өмүрлүк жолдошубуздан дагы көп нерселер көз каранды, өмүрлүк жар тандоодо да жети өлчөп бир кессек жакшы болот".

"Көңүл чөктүрүп, көп ойлонбоңуз, шлактардан тез-тез арылып турунуз. Пайдалуу жана витаминдүү тамактаныңыз. Тойгончо жебестен аз-аздап 5 маал жесеңиз жакшы. Эсеби болсо спорт менен машыгып, суусундуктардан көп-көп ичиңиз. Анан ичи тарлыкты жоюу керек. Ичи тар, арамза адамдар да тез карыйт дешет".

"Негизи медицинада "шлак", "токсин" деген түшүнүктөр жок. Кудай адамды ушинтип жараткан - организм өзүн өзү ашыкча нерселерден тазалайт. Биз жөн гана ага жардам берүүбүз жакшы. Эң башкы тазалоочу - боор. Аны май бастырбай кармаган жакшы. Демек, майлуу тамактарды өтө аз жеп, ичимдик, тамекиге такыр жолобош керек. Бөйрөктү жакшы сактоо үчүн баягы эле жашылча, жер-жемишти жыл бою үзгүлтүксүз колдонуу талапка ылайык. Анан сөзсүз түрдө кыймылдоо керек. Кандай тамак жесең дагы, канчалык өлчөмдө болсо дагы, кыймыл-аракетсиз адам бат эле шалбырап бош болуп калат. Булчуңдардын тонусу кетет, мээнин иштеши начарлайт, нервдер жукарат. Ошондуктан аз тамактанып, көп кыймылдаган адам жаштыгын көпкө сактап кала алат".

"Япондор дүйнөдөгү эң сулуу калк деп табылыптыр. Себеби алар дайыма жылмайып жүрүшөт экен. Жылмайып жүрүү сулуулуктун бир бөлүгү деп саналгандыктан, жылмайып жүрүүнү сунуштайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.07.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Япондор чындап эле сулуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: