Аксы районунда топтун аркасынан кубалап, жолго чуркап чыккан окуучуну унаа сүзүп, жабырлануучу ооруканада каза болду
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагында топ ойноп жүргөн окуучуну унаа сүзүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Аксы РИИБинин участкалык инспектору Марат Чекиров билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы ушул жылдын 3-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Авлетим айыл аймагында катталып, 7-класстын окуучусу Д.Э. каза болгон.
"Унаа сүзгөн окуучу алган жаракатынан улам 5-июль күнү бейтапканадан каза болгон. Анын сөөгү бүгүн жерге берилди. Кырсыктын келип чыгышына окуучунун топтун аркасынан кубалап, жолго чуркап чыгышы себеп болгон. Айдоочу Кербен шаарынан Кара-Жыгач айылын көздөй баратып Ауди 100 жеңил унаасы менен сүзгөн. Кылмыш иши козголгон эмес ", - деп билдирди Чекиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aidani

07.07.2017. 02:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксы жонундо кабар окусам эле журогум оозума келе тушот, аман болгула Аксылыктарым, алыста жургондо ойлондурбай
kyrgyzkyzy99

18.07.2017. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,жаткан жери жайлуу болсун.Жаркылдаган соонун жакшы бала эле.Кудай сүйгөн пенде экен.Ата-энесине кайрат айтам.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.