super.kg logo

"Пусть говорят" берүүсүнүн каарманы Диана Шурыгина эфирге катышканы үчүн 300 миң рубль алганы айтылууда

 
Диана Шурыгина "Пусть говорят" берүүсүндө
Кыргыз блоггери Данияр Токтомамбетов "Пусть говорят" берүүсүндө
Долбоорлорго катышууну кесипке айланткан - Василий Васильев (солдо)

Орустардын “Пусть говорят” телеберүүсүнүн негизги каармандарына канча гонорар төлөнөрүн айрым орусиялык жана украиналык басылмалар иликтеп чыгышкан. Басылмалардын бири аталган телеберүүнүн мурунку кабарчысы Андрей Заокский менен байланышканда, ал каармандарга гонорар төлөнөрүн тастыктаган.

Анын айтымында, телеберүүнүн конокторуна 5 миң рублдан 300 миң рублга чейин төлөнөт. Анын өлчөмү каармандын актуалдуулугунан жана соодага болгон жөндөмүнөн көз каранды. Алгач эфирге катышуу сунушу киргизилген адамга 5 миң рубль сунушталат. Эгер ал адам эфирге чыгууга макулдук бербесе, 50 миңге чейин көтөрүлөт. Ал эми коомчулуктун кызыгуусун арттырган каарманды кайталап чакырууга туура келсе, сөзсүз түрдө ага чоң суммадагы каражат төлөнөт.

Эскерте кетсек, былтыр көрүүчүлөрдүн арасында 17 жаштагы Диана Шурыгинанын бир түндө 2 жолу зордукталганы катуу талкууга алынган. “Пусть говорят” берүүсү аны 5 жолу катары менен эфирге чакырган. Ал үчүн Диана Шурыгинага да гонорар берилгенин айткан Андрей Заокский.

“Дианага 500 миң рубль берилди деген калп. Менин билишимче ал 200 же 300 миң рубль гана алган”, - деген ал.

Ал эми Диана Шурыгина катышкан телеберүүгө барып, аны сындаган кыргыз блоггери Данияр Токтомамбетов менен байланышканыбызда эфирге бекер эле катышканын айтты.

“Мени телеберүүгө чакырышкан, өзүмдүн каалоом менен бекер эле баргам. Телеберүү тарабынан жол кирем менен жаткан жерим, тамак-ашым гана төлөндү”, - деди ал.

Ошондой эле бир канча жылдан бери чуу жараткан берүүлөрдүн каарманы, бир карасаң балдарды жалгыз асыраган атанын образында, бир карасаң бирөөнүн көңүлдөшүнүн ролунда жүргөн орус жараны Василий Васильев үчүн телеберүүлөргө катышып, каражат табуу кесипке айланган. 12ден ашуун берүүнүн каарманы болгон Василий орус теледолбоорлорунун ичинен эң аз төлөгөнү “Пусть говорят” экенин айткан. Ал эми эң көп төлөгөнү “Дом-2” долбоору. Анда катышуучунун жөндөмүнө жараша, 30 миңден 70-80 миңге чейин, ал эми популярдуу катышуучуларга 100-150 миң рублга чейин төлөнөрүн жазышкан басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.07.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шурыгина чыкпаган ОЗУ супер эле калдыле, ото сулуу кыз:))
06.07.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктай кылыктары менен адамды тообо келтирген кызбы? Малахов ютyбтaн ошол кыз жөнүндө «Шура-Мура» деген сериял тартып баштадыго...көрүүчүлөрдүн Малаховко болгон жинин байкасаңар, ар бир видеосу 400 миңдин тегерегинде дизлайк басылган
07.07.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyly jok ,bolgonu jyldyz bolgusu kelgenbi bul kyz,ouy ishke ashty okshoit belgiluu bolup ketti go az ubakyttyn ichinde,ozun piarlady da bolgonu ,
07.07.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр эмес ,быйыл эле эфирге чыккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: