super.kg logo

Орусияда банктык карталардан акча "уурдай" турган вирус тарап жатканы айтылууда

 

Android колдонгон кардарлардын банктык карталарынан акча "уурдай" турган жаңы вирус пайда болгонун Group-IB киберкоркунучтар менен күрөшүүчү компания өз сайтына бүгүн, 6-июлда жазып чыкты. Бул вирус Android операциондук системин колдонгондордун банктык эсептеринен акча чечип алуу үчүн колдонулуп жатат дейт аталган компаниянын адистери. "Вирус аркылуу Android операциондук системинин базасына кирүүгө жол ачылат. Антивирустук программалар бул вирустун коркунуч жаратарын аныктай албай калып жатат", - дешет адистер.

Вирус кечээ, 5-июлдан баштап тарай баштаган. Android смартфондорунун ээлери контакттарынын биринен MMS-билдирүү алат. Эгерде колдонуучу MMS-билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтемени басып жиберсе, аталган вирус смартфонго кирип кетет. Мындан соң вирус аркылуу шылуундар сиздин телефон аркылуу жүргүзүлгөн акча каражаттарына байланыштуу операцияларыңызга аралаша баштайт. Башкача айтканда, вирус зыян келтирүүчү билдирүүлөрдү ар кимге таратып, колдонуучунун банктык эсебинде канча каражат бар экенин билүүгө мүмкүнчүлүк алат. Колдонуучунун банктык эсебинен акча алынып жатса, ал тууралуу ээсине маалымат берип туруучу банктан келген билдирүүлөрдү вирустар тороп калары белгилүү болду. Мындан улам банктык картада эмне иштер жүрүп жатканын ээси билбей каларын айтышат адистер.

Мындай вирус Android операциондук системи аркылуу SMS-банкинг жана мобилдик банктык тиркемелеринин кызматын колдонгон кардарлар үчүн кооптуу. Group-IB киберкоркунучтар менен күрөшүүчү компаниясынын адистери билдиргендей, бул вирустан орусиялык банктардын кызматынан колдонгон кардарлар жабыр тартышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
06.07.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точно окшойт
06.07.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу вирус жетпей турган озу, Орусияда копчулугу карточка колдонот да. ММS болуп келген билдируудо корсотулгон шилтемени баспаса вирус кирбей калабы андроидке?
06.07.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Еми ушул еле жетпей жатты еле аран 20 30 минге иштесек аны да алып коюшпаса болду
06.07.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мобильный банкинг да жабыр тартабы ошондо
06.07.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон үчүн акчаны налич кылып чөнтөккө салып жүрүш керек
06.07.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айфондорго коркунуч жокпу ошондо ??Билген коргондор болсо айтып койгулачы
06.07.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да келди смс карабай ачпай койгом,тааныш иним ача койуп бвнктык эсептери карточка ачпай жатат,кээ бириндеги телефондун ичинде баардык нерсе очурулуп кетип жатат
06.07.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошго акчанарды которуруп жибергиле Кыргызтанга уй булонорго
07.07.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Страховка ачтыргандардыкына тийеалбаса кереке
07.07.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас го тообо
07.07.2017. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздерге Совет Плаймаркетен Eset Деген антивирусту кочуруп алыныздар. Ошол коргой алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: