super.kg logo

"Алтын сертификаттын" ээси Акылай Каримова: "Билим алууга акча эмес акылды жумшаш керек"

 

Акылай Каримова мектеп бүтүрүүчүсү. Жалпы республикалык тест тапшырып, жыйынтыгында 225 балл алып, өлкөдөгү эң алдынкы 55 окуучунун катарында президенттин колунан "алтын сертификат", баалуу белектерди алды. Акылай Ош шаарындагы Курманжан датка атындагы кыргыз-түрк лицейин аяктаган. Анын бул ийгилигине кубанган апасы президент менен жолугушуу аземине борборго кошо келип, кызын мамлекеттик резиденциядан кайтып келгенде жылуу күтүп алды.
"Мен Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында төрөлүп, 6-класска чейин айылдык мектепте билим алдым. Кийин сынак аркылуу аталган лицейге өтүп кетип, бюджеттик негизде 11-классты аяктаганга чейин акысыз билим алып, ошол лицейдин жатаканасында жашадым. Менимче билим алууга акчаны эмес, акылды көбүрөөк жумшаш керек", - дейт Акылай.
Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын ортончусу. Апасы үй кожойкеси, атасы чарба жумуштары менен алектенет. Үй-бүлөдө билим алууга жакшы көңүл бурулгандыктан андан улуу бир туугандары да ЖОЖдордо билим алууда.
"Эгерде мен айылдагы мектепте калсам мындай баллга, балким, жетмек эмесмин. Себеби биздин лицейде тестке даярдануу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. 10-класстын ортосунан тартып лицейдин түзгөн тесттерин тапшырабыз. Мугалимдер жакшы көңүл бурат. Ал эми ЖРТнын суроолору жөнүндө айтсам, кыргыз тилинде тапшыргандар үчүн бир аз түшүнүксүз жерлер бар. Анткени тесттин түзүлүшү орус тилинен кыргыз тилине сөзмө сөз которулат", - деди ал.
Акылай "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин колдонмо математика жана информатика факультетин тандаган. Келечектеги негизги максаты өз кесибинин мыкты адиси болуу. Буга чейин мектептер аралык олимпиадаларга катышып, 2 ирет облустан экинчи орунга татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.07.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толкунданып, менин кызым алгандай ыйлап алдым. Азамат!
07.07.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында менда толкундандым. Ийгилик окууна!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: