super.kg logo

Нарын облусунун башчысы: "Жергиликтүү эл менен тоо-кен иштетүүчү ишканалардын ортосунда келишпестиктер чыгууда"

 

Нарында жергиликтүү эл менен лицензия алган ишканалардын ортосунда келишпестиктер чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тоо-кен иштетүүчү ишканалар менен болгон жыйынында айтты.

Маалыматка ылайык, жыйынга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү Имар Эргешов, райондордун акимдери, Нарын шаарынын мэри жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ишканалар менен жергиликтүү элдин ортосундагы мамилелер боюнча маселелер каралды.

"Жергиликтүү эл менен лицензия алган ишканалардын ортосунда келишпестиктер чыгууда. Кээ бир ишканалар эл менен байланыш түзбөй, иш баштаган учурлары жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратууда. Облус аймагында 180 лицензия алган тоо-кен ишканасы бар", - деп билдирди Кайыпов жыйындын жүрүшүндө.

Белгилүү болгондой, тоо-кен иштетүүгө уруксат алган ишканалар изилдөө, чалгындоого жана казып-иштетүү багытында иш алып барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: