super.kg logo

Эл аралык жаратылыш сынагында жылдын сүрөтү аныкталды

 
"Конфискацияланган". Автору Бритта Яшински
Кичинекей пандалар тарбиячыларга көнүп калбашы үчүн алар чоӊ панданы элестеткен формаларды кийип алышат. Автору Ами Витал
"Оттон коркпогондор". Автору Каллол Мухержи

Эл аралык "BigPicture Natural World Photograhy Competition" жаратылыш сынагына келип түшкөн сүрөттөрдүн финалисттери аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

2017-жылдын баш байгесин немис фотографы Бритта Яшински (Britta Jaschinski) алган. Анын "Конфискацияланган" ("Confiscated") деген сүрөтүндө мебелге айланган пилдин таманын көрүүгө болот. Аны АКШ бийлиги белгисиз бирөөлөр чек арадан алып өтүүгө аракет кылып жатышканда алып коюшкан.

Пилдин тамандары мамлекетке өткөн соӊ Колорадо штатындагы Денвер шаарындагы атайын сакталчу жайга жеткирилген. Анда атайын коргоого алынган жаныбарлардан жасалган 1 миллиондон ашуун түрдүү буюмдар сакталат.

Жыл сайын өтүүчү сынактын максаты - жаратылыштын кооздугуна жана андагы көйгөйлөргө элдин көӊүлүн буруу болуп саналат. Сынак Калифорния илимий академиясы тарабынан өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кана суроттор?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: