super.kg logo

Ананьеводогу жарылуудан жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан дагы бир адам көз жумду

 

Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында газ саткан жайда болгон жарылуудан жабыркаган адамдардын дагы бирөөсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июль күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ананьево айылындагы жарылуудан жаракат алып Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан 1960-жылы туулган А.Б аттуу жаран бүгүн саат 13:00дө каза болгон.

Учурда андан сырткары аталган борбордо Ананьеводогу жарылуудан жабыркаган дагы төрт адам дарыланып жатат. Аталган маалыматта 1 адамдын абалы өтө оордугу, 3 адамдын абалы туруктуу, бирок оор экени айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Ананьеводогу болгон жарылуудан алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн. Жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 пайыздан ашык күйгөндө баары бир жашабайт экен. Ошону билип туруп эле врачтар туугандарынан акчаны сорот да атайылап ар түрдүү дарыга деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: